Дача СУ боюнча комиссия: кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү болгон эмес

Комиссия чыгарган корутундусу боюнча бүгүн парламентке маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Дача СУ айылындагы кырсыкты иликтеген комиссия учактагы жүктүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жоктугун аныктады. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Белгилей кетсек, комиссия чыгарган корутундусу боюнча бүгүн парламентке маалымат берди.
Анын айтымында, 2019-жылы Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тушунда маалыматтык компания жүрүп, Атамбаевге жалаа жабуу аракети болгон.

"Анализдеп көрсөк, Атамбаев кырсыктан кийин президент катары Дача СУга барбай койгондон кийин "контрабанда бар, жүк президентке тиешелүү" деген кептер чыгышына негиз болуп калган. Тергөө органдарында 30 томдук иш бар экен, анда мындай маалымат жок", — деди Шыкмаматов.

Ал эми комиссиянын мүчөсү Элнура Алканова ошол учурда контрабанда боюнча иликтөө жүргүзүлбөгөнүн белгиледи. Азыр фактылар жок болгондуктан кайра иликтөө мүмкүн эместигин айтууда.
Дагы бир мүчөсү Мавлян Аскарбеков Атамбаевдин бийлиги ошол ишти жабууга аракет кылганын белгиледи.
"Контрабанда болгонбу, ким күнөөлүү, жүк кимдики?" деген суроого жооп бериш керек болгон. Эгер кааласа, ишти тергеп үч айдын ичинде аягына чыгарып коймок", — деди Аскарбеков.
Ал эми депутат Жанар Акаев комиссия чыгарган корутундудан кулаган учактагы жүккө Атамбаевдин тиешеси жок экенине толугу менен ынанганын билдирди.
Кабинет чуусу: Жогорку Кеңеш иш башкаруучунун орун басарын кызматтан алууну чечти