Радио

Атагараев: Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккей боюнча федерация түптөлдү

Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерациянын президенти Кубан Атагараев жакын арада спорттун аталган түрү Кыргызстандын аймагына жайылтыларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккей боюнча федерация түзүлүп, өнүктүрүү программасы иштелип жатат. Бул тууралуу Кубан Атагараев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чөп үстүндөгү хоккей менен учурда 300дөй спортчу машыгууда.
"Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккей боюнча федерация ушул жылдын 18-майында түзүлүп, аны өлкөгө жайылтуу жоопкерчилигин алдык. Коңшу Казакстан, Өкбекстанда бул спорт жакшы жолго салынып, эл аралык мелдештерге катышып, жадагалса ийгиликтерди да жаратып жатышат. Жакында балдар үчүн атайын секцияларды ачып, аларды керектүү шаймандар менен камсыз кылууга даярдык көрүүдөбүз. Учурда 450 спортчуну спорттук шаймандар менен акысыз камсыз кыла алабыз. Жакынкы күндөрү команда түзүп, машыга баштайбыз. Муз үстүндө шайба менен ойнолуучу хоккей федерациясы менен тыгыз иштешип, алардын спортчулары да кызыгып жатышат. Бүгүнкү күндө чөп үстүндөгү хоккей менен 300гө жакын спортчу машыгууда. Республика боюнча атайын өкүлдөрдү, машыктыруучуларды даярдап, мектеп ачуу планын койдук", — деди Атагараев.
Ошондой эле адис хоккей боюнча Кыргызстанда алгачкы расмий мелдештерди 2023-жылдын жаз айларында өткөрүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.