Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкинин бир району аткылоого алынды. Окуянын кесепети видеодо

Келип түшкөн снаряддын кайсы түргө кирерин такташ үчүн иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын Тергөө кызматы (ТК) Украина аскерлери Донецкинин Ленин районун аткылагандан кийинки кесепети кандай болгонун аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазып, ал эми Telegram-каналы видеону жайгаштырды.
Жергиликтүү тургун анын кесепетинен аталган аймактагы бир нече турак үйлөр жабыркап, терезелеринин айнектери күбүлгөндүгүн айтып берди.
"Россиянын ТКсынын тергөө тобу Донецк шаарындагы Ленин районуна барып, окуянын кандай болгонун жеринен көрдү. 2022-жылдын 30-ноябрында түш оой үйдүн короосуна снаряд келип түшкөн. Анын кесепетинен эркек киши жарадар болуп, учурда ооруканага жаткырылды", — деген Россиянын Тергөө комитетинин офицери.
Тергөөчү текшерип, зыян тарткан жерлер тууралуу маалыматтарды кагазга түшүрүп, андан ары экспертиза жүргүзүү үчүн куралдын фрагменттерин алган.
"Тергөө тобу иштеп жатат. Куралдын табылган фрагменттери менен октун чачырандылары андан ары экспертизага жөнөтүлдү. Снаряддын кайсы түрүнө кирерин такташ үчүн иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп РИА Новостиге айтып берген офицер.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин армиясы Донецкини артиллериядан түнү менен аткылап чыкты. Видео