Атазов менен Токторбаев сурактын чоо-жайын айтып президентке даттанышты

Токторбаев башкы прокурорго асылбаганын, элдин арыз-муңун гана жеткиргенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада эмне тууралуу сурак берип чыкканын айтышты.
Атазов кечээ түштөн кийин кабинетине үч прокурор келип чакырып кеткенин билдирди.
"Дордой" базарында иштеген жарандын 120 миң долларын алдап кеткенин айттым эле, ошол күнү аны кармап келе турган болушту. Ал мурда үч жолу соттолгон экен. Ал эми Жаныбектин 24 миң долларлык жери боюнча ошол эле жерде арыз жаздырып ишти башташты. Жалал-Абаддагы инвесторду Өзбекстанга кууп жиберип мүлкүн басып алгандар 480 миң доллар берүүнү убадалашыптыр. Ушунун баарын депутаттар көтөргөндө гана иштеш керек беле. Биз мамлекеттүүлүк, коопсуздук, келечек үчүн президенттин саясатын колдогон депутаттарбыз", — деди Атазов.
Ошондой эле ал түнү менен прокуратуранын ишине пачкалаган арыздар түшүп жатканын белгилеп, башкы прокурордон сурактагы маселелерди аягына чыгарып беришин суранды. Кызматкерлери эки күндө жыйынтык чыгарууну убадалаганын кошумчалады.
Ал эми Жеңишбек Токторбаев кечээ башкы прокурорго асылбаганын, элдин арыз-муңун гана жеткиргенин айтып өттү.
ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев
"Ураматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, силер камакта жатканда биз суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп чуркап жүргөнбүз. Азыр тегерегиңерде жүргөн пахтакорлор силерди соттогон, ал эле эмес андан башка нерселерди дагы алган. Биз кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем, артымда элим бар. Төрага, ушул маселени сөзсүз карап коюңуз. Элдин арызын да айтпай "балык депутат" болуп отурсак кандай болот", — деди Токторбаев.
Ошону менен катар депутат суракка чакырылышын Жээнбековдор тууралуу айткан сөзүнө байланыштырды.
"Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар экенин билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай нерсе башталды. Урматтуу Садыр Нургожоевич, аларга кошуп Сооронбай Жээнбековду дагы камайлы. Ушуну көзөмөлгө алып коюңуз. Эгер прокуратура аларды коргой турган болсо, менин дагы айтчу сөзүм бар", — деди эл өкүлү.
Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев менен сүйлөшкөнүн, ал аймактардагы иш сапарынан келгенден кийин жолугушарын айтты. Ал эми депутаттардын кабинетине келип суракка алып кеткенин аша чабуу катары сыпаттады.
Белилей кетсек, кечээ аталган депутаттар Башкы прокуратурада коррупция күчөгөнүн айтып сындап чыгышкан.
Башкы прокуратура депутат Токторбаевди кайсы иш боюнча суракка алганын айтты