Кытайлык жаран Кыргызстандан 1 млн. сомдук алтын алып кетмекчи болгон. Сүрөт

Баалуу жүк менен жүргөн кишини Дубайга учарда кармашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Манас" аба майданында бажычылар контрабанда жолу менен баасы бир миллион сомдон ашык табигый уютундуларды алып чыгып бара жаткан кишини кармашкан. Бул тууралуу Бажы боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлады.
1 / 2

"Манас" аба майданында бажычылар контрабанда жолу менен баасы бир миллион сомдон ашык табигый уютундуларды алып чыгып бара жаткан кишини кармашкан

2 / 2

Бишкек-Дубай авиакаттамынын жүргүнчүлөрү текшерүүдөн өтүп жатканда кармалган адам кытайлык жаран болуп чыкты

Бишкек-Дубай авиакаттамынын жүргүнчүлөрү текшерүүдөн өтүп жатканда кармалган адам кытайлык жаран болуп чыкты.
"Анын рюкзагын текшергенде бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн. Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын наркы 1 048 836 сомду түзөт", — деп айтылган маалыматта.
УКМК 17 кг алтын алып келе жаткан жаранды "Манас" аэропортунан кармады