Прокуратураны коррупцияга айыптаган депутат Токторбаев суракка чакырылды

Эл өкүлү бүгүн прокуратурада коррупция күчөп кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул туурасында парламенттеги булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат бүгүн саат 17:30га чакырылып, учурда күбө катары сурак берип жатат. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз.
Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул маселени тактап анан жооп берүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Жеңишбек Токторбаев прокуратурада коррупция абдан күчөгөнүн, тергөө укугу берилгенден кийин "монстрга" айланып кеткенин айткан. Ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүн кароо зарылчылыгы жаралганын билдирген.
Акаев: Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн, унаасынан жашыруун камералар табылды