Тайгактан улам четке сүрүлгөн автоунаалар. Токмоктун жанынан тартылган видео

Кадрларда төрт машина жол жээгинде туруп калганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Токмокко бараткан жолдо тайгактан улам автоунаалар четке сүрүлүп чыгып калганы тартылган видео социалдык тармакта тарап жатат.
Кадрларда төрт машина жол жээгинде туруп калганын көрүүгө болот.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул Казакстандын территориясы экенин билдирди. Алдын ала алынган маалымат боюнча, окуядан жабыркагандар жок.
Сосновкада жүк ташыган унаа жол боюндагы үйдү сүзүп, жарымын талкалап кетти. Видео