Иса Ахунбаевдин небереси Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болду

Ал 2020-жылы илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлык менен сыйланган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Айтылуу Иса Ахунбаевдин небереси, хирург-онколог Сталбек Ахунбаев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Ал президенттин медицина жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси болот.
"Кыргызстандагы саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошкум келет", — деди Ахунбаев.
54 жаштагы Ахунбаев медицина илимдеринин доктору, профессор, Бишкектеги Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору.
2020-жылы өлкө президентинин жарлыгы менен илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган.
Бийликти басып алууга шектелген Жетигенов Ошко мэр болуп дайындалды