Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва Батыштын Киевге жардам иретинде спутник колдонуусунун кесепетин айтты

Ермаков жарандык спутниктерди чагымчылык менен пайдалануу жок эле дегенде аны тынчтык үчүн колдонуу керектиги жазылган Космос жөнүндөгү келишимдин контекстинде суроо жаратарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Батыштын Украина аскерлерин колдоо үчүн жарандык демиш болуп пайдаланган спутниги Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланышы мүмкүн. Мындай пикирин Россиянын ТИМинин курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө боюнча департаментинин директору Владимир Ермаков РИА Новостиге берген маегинде билдирген.
"Мен тактап айтып коёюн, бул сыяктуу инфраструктуралар аскердик операция учурунда Россияга каршы колдонулса анда жооп иретинде сокку алары турган кеп", — деген дипломат.
Ермаков жарандык спутниктерди чагымчылык менен колдонуу жок эле дегенде аны тынчтык үчүн колдонуу керектиги жазылган Космос жөнүндөгү келишимдин контекстинде суроо жаратарын айтып, дүйнө коомчулугунун олуттуу айыптоосун талап кылат деп түшүндүргөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Украинага курал-жарак жөнөтүүдө олуттуу көйгөйгө туш болду