РКӨФ жакынкы беш жылга карата стратегиясын кайра карап чыгууда

РКӨФтүн өкүлү алдыда кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду жакынкы беш жылга карата өнүгүү стратегиясын карап жатат. Бул тууралуу аталган фонддун Эл аралык департаментинин жетекчиси Григорий Паршаков Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.
Анда долбоорлорду финансылык эмес жактан коштоо багытын өнүктүрүү, тагыраагы, кредит берүүдө пайдалуу шарттарды сактоо менен фонддун өзүнүн түзүмү менен штаттык жүгүртмөсүн өзгөртүү каралары белгиленген.
"Басымды долбоорлорду издөөгө, коштоого жасайбыз, бул өзгөчө башка өлкөнүн юрисдикциясы тааныш эмес россиялык бизнеске тиешелүү. Мындай долбоорлор менен ар кыл колдоолорду көрсөтө алабыз. Биз банктар сыяктуу финансылоо менен чектелбей, өнүктүрүү институту болууга ниеттенип жатабыз. Бизнеске сунуштаган жаңы мүмкүнчүлүктөрүбүз алардын активдүүрөөк өнүгүшүнө жардам берет деген ойдобуз", — деген Паршаков.
РКӨФ: Ошто 500 млн. долларлык долбоорлорду ишке ашыруучу келишимдер түзүлдү