Башкы прокуратура депутат Токторбаевди кайсы иш боюнча суракка алганын айтты

Депутат бүгүн саат 17:30га чакырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн парламентте айткан сөздөрүн тактоо үчүн суракка чакырылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолдинов билдирди.
"Кимиси кимден акча алганы жана фактылар суралат", — деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн ЖК жыйынында Токторбаев прокуратурада коррупция абдан күчөгөнүн, тергөө укугу берилгенден кийин "монстрга" айланып ири көлөмдө пара сураган учурлар бар экенин айткан. Ошондой эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүн кароо зарылчылыгы жаралганын билдирген.
Депутат бүгүн саат 17:30га чакырылып суракка алынганы айтылган болчу.
Ташиев: эки депутат өтө оор кылмышка шектелүүдө, иликтеп жатабыз