Москвада "Аркан салып жаткан кыргыз" уурдалды. Баасы

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Аркан салып жаткан кыргыз" деп аталган антиквардык коло скульптура Москвадагы "Гостиный двор" көргөзмө борборунан жоголду. Бул туурасында "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы жазды.
"Евгений Лансеренин XIX кылымда жасалган бийиктиги 21 сантиметр, 2,5 килограммдык бул статуэткасынын баасы 800 миң рублдин тегерегинде турат", — деп айтылган.
Маалыматта "Аркан салган кыргыз ("Киргиз с арканом") жана дагы 13 фигура "Россия антиквардык салондун" ири экспозициясы болгону айтылат.
Музейдин кароолчусу 75 млн. рублдик картинага көз тартып... Видео