БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзү парламенттин жыйынында билдирди.
Депутат комитетти бир жылдан бери жетектеп келген.
"Мени арыз жазууга, чечим кабыл алууга эч ким мажбурлаган жок. Менимче, ар бир саясатчы тигил же бул кадамын түшүндүрүп бериши керек. Кенен токтолуп отурбай, кыскача бир сүйлөм менен айтып коёюн, кетишиме Кемпир-Абад боюнча маселе себеп болду. Колумду таза кармап, мыйзамдарды бузбай, коррупциядан алыс болуп комитетти татыктуу алып бардым деген ниеттемин", — деди Алиев.
Андан соң спикер Нурланбек Шакиев анын арыз жазышы күтүүсүз болгонун, ордунда калышын суранганына карабай өз алдынча чечим кабыл алганын айтты.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо учурунда Медер Алиев жыйынга катышпай, добуш берген эмес.