Латвияда фашизмдин белгилери илинген майрамдык балаты орнотулду

Шаар администрациясы балаты быйыл улуттук стилде жасалгаланганын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Латвиянын Лиелварде шаарындагы көчөгө коюлган Рождество балатысы фашизмдин белгилерин көрсөтүлгөн жасалгалар менен кооздолду. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье өзүнүн Telegram каналына видео жарыялады.
Социалдык тармактарга жарыяланган кадрдан майрамдык балаты кызыл ала гирлянда менен оролгонун, өчүп-жанып турган ар кандай жалтырак-жарыктарды, анын ичинен фашизмдин белгисин (свастика) көрүүгө болот.
Шаар администрациясы социалдык тармактагы баракчасына Рождество балатысы быйыл улуттук стилде жасалгаланганын жазган.
"Ала-Тоодо" башкы балатыны орнотуу иштери башталды. Сүрөт