Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси дайындалды

Султанов учурда Кыргызстандын БУУ жана башка уюмдардагы өкүлү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп Омар Султанов дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Дипломатиялык өкүлдү дайындоо боюнча президент Садыр Жапаров жарлык чыгарган.
"Документке ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Омар Султанов Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", — деп айтылган маалыматта.
Иса Ахунбаевдин небереси Сталбек Ахунбаев президенттин кеңешчиси болду