Президенттик администрация: ипотекага берилчү үйлөр курула баштады. Эскиз

Президенттик администрация көп кабаттуу үйлөрдүн эскизин жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынан ипотеканын алкагында Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталгандыгын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.
1 / 5

Президенттин иш башкармалыгынан ипотеканын алкагында Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталгандыгын билдирди

2 / 5

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды

3 / 5

Үйлөрдүн каякка түшөрү туурасында айтылган эмес

4 / 5

Бирок Орунбеков алгачкы кадамдар жасала баштагандыгын билдирди

5 / 5

Президенттик администрация көп кабаттуу үйлөрдүн эскизин жарыялады

Үйлөрдүн каякка түшөрү туурасында айтылган эмес. Бирок Орунбеков алгачкы кадамдар жасала баштагандыгын билдирди.
"I Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ички жана тышкы миграцияны токтотуу боюнча планы бар экенин, пайыздык чени 14%дан 4%га чейин төмөндөтүлгөн ипотекага үй алууга мамлекет шарт түзө турганын белгилеген. Айтылган убада узакка созулбай, президенттин иш башкармалыгы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен көп кабаттуу үйлөрдү курууну баштады", — деп жазган ал.
Радио
Оморов: аймактагылар үчүн жеңилдетилген ипотекага өзүнчө кезек түзүлдү