Он айда "Кумтөр голд компани" ишканасынан мамлекетке 28,7 млрд. сом түштү

Ишкана которгон жалпы сумманын ичинен 25 миллиард 486 миллион сому салыктык төлөм болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын он ай аралыгында (январь — октябрь) "Кумтөр голд компани" ишканасынан мамлекетке 28,7 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров айтып берди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, жалпы сумманын ичинен 25 миллиард 486 миллион сому — салыктык төлөмдөр.
"Калган сумманы социалдык төлөмдөр, компаниянын "Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна", жаратылышты коргоо фонддоруна, долбоорлорго бөлгөн каражаты түзөт", — деди Кочкоров.
Унаалардын терезесин караңгылатуудан бюджетке канча акча түшкөнү маалымдалды