Радио

Жусубалиев: эми салыкчылар ишкерликти өз алдынча текшере албайт

Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин контролдоо бөлүмүнүн башчысы Жанар Жусубалиев санариптештирүү багытындагы иштер тууралуу айтып берди.
Sputnik
Салыкчылар ишкерликти өз алдынча текшере албайт. Бул тууралуу Жанар Жусубалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салык режимдерин автоматташтыруу жана фискалдаштыруунун алкагында электрондук рейддик салык көзөмөл (Э-Рейд) системасы ишке киргизилди.
"Э-Рейд борборлоштурулган, автоматташтырылган система. Анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик көзөмөл жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат. Алардын негизинде рейддик текшерүүгө алына турган субъектилерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Башкача айтканда, салык кызматкери өз алдынча чечим кабыл алып ишкерди текшере албайт. Анткени система өзү ылгап, ишкерликте кандай алешемдик (отчёт тапшырылбаган, патенттик мөөнөтү өткөн ж.б.) бар экенин көрсөтүп берет. Муну менен иштөө үчүн салыкчылар 300 планшет менен камсыздалган. Э-Рейд субъектинин дарегин, кожоюну тууралуу маалыматты жана аталган ишкердиктин салыктык маалыматтарын көрсөтөт. Текшерүүдө мурдагыдай кагаз отчёттор талап кылынбайт. Эгерде кошумчалай турган маалымат болсо системага дароо киргизилет", — деди Жусубалиев.
Ошондой эле ал салык төлөөчү электрондук графикалык кол тамга аркылуу электрондук документке кол коё аларын кошумчалады.