БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары Башкы прокуратурада коррупция күч алганын айтып чыгышты.
Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүн парламентте кароо зарылчылыгы жаралганын билдирди.
"Азыр прокуратурада коррупция абдан күчөдү, элдин арасында жакшы сөз жок. Шайлоочуларым дагы айтып жатат, бир беренеден экинчисине которуш үчүн 10 миң доллар сурашат экен. Ушул маселени сөзсүз карашыбыз керек. Прокуратурага тергөө укугу берилгенден кийин "монстрга" айланып кетишти. Ошон үчүн башкы прокурорду сөзсүз чакырып, керек болсо анын ишмердүүлүгүн дагы караш керек", — деди Токторбаев.
Ал эми Шайлообек Атазов прокурорлор алдамчыларды калкалап жатат деп сындады.
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Каржылык пирамида түзүп алып үй алып берүүнү жана башка нерселерди убадалаган алдамчы топтор пайда болду. Өкүнүчтүүсү — аларды прокуратура менен милиция калкалап жатат. Ишкерлерди алдап кеткендерге иш козголсо прокуратура калкалап, токтотуп коюуда. Туугандары болот экен. Биздин революциялар кээ бир адамдардын байышы үчүн болгонбу? Элди тоноп жаткан алдамчылардын иши эмнеге жылбай турат? "Арыз жазсак прокурордун бөлөсү, жээни, таякеси болуп токтоп калып жатат" дешүүдө. Бүгүн түштөн кийин келип ушул боюнча маалымат беришсин", — деди Атазов.
Ошондой эле кийинкиде алдамчыларды калкалап акча алып жүргөн прокурорлордун атын айта турганын кошумчалады.