Мүмкүнчүлүк болору менен жаздым. Чыңгыз Айдарбеков дайынын айтты

Жекшемби күнү депутаттын кесиптештери ал дайынсыз болуп жатканын айтышкан, кийинчерээк УКМК Айдарбеков чек арадан Казакстанга өтүп кеткенин билдирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасына кайда жүргөнүн жазды. Анда ал ден соолугун текшертүү үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин белгилеген.
"Ортодон Казакстанга тажияга бара кетүүгө туура келип калды, андан ары медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн жолумду уладым. Сиздер менен байланышууга мүмкүнчүлүк жаралары менен жазып жатам. Мага дайыма колдоо көрсөтүп келген тарапташтарыма ыраазычылык билдирем. Жакында Кыргызстанга кайтам", — деп жазган эл өкүлү.
Белгилей кетсек, 26-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков менен коңшу өлкөгө тажияга бараткан "Альянс" партиясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди "Ак-Жол" чек ара бекетинен өткөрбөй, ага мамлекеттен чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Андан соң УКМК кызматкерлери аны алып кетип, бир нече убакыттан кийин бошоткон.
Эртеси депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун дайыны чыкпай жатканын билдирген. Коомчулукта депутат кармалды деген кептер айтылган. Бирок маалыматты УКМК төгүндөп, Айдарбеков чек арадан Казакстанга өтүп кеткенин кабарлаган. Кийин "Альянс" фракциясынын төрагасы Жанар Акаев Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө кеткенин билдирген.
Жапаров жарлыгы менен Чыңгыз Айдарбековду дипломатиялык рангынан ажыратты