1-декабрга карата аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарында жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас менен Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Нарын аймагында -4...+1 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -1...+1, Ош калаасында +4...+6 градусту көрсөтөт.
Өкмөт сырттан электр энергиясын сатып алуу үчүн 50 млн. доллар карыз алып жатат