Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина ТИМи айрым өлкөлөрдүн Киевге курал сатуудан баш тартышына нааразы

Министр украиналыктар "ишенимсиз өнөктөштөргө" таянбай жашоону үйрөнүшү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Айрым мамлекеттер Киевге курал-жарак сатуудан баш тартууда. Бул тууралуу Украина ТИМинин жееткчиси Дмитрий Кулеба Politico басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Дүйнөдө Украинага зарыл нерселерге бай мамлекеттер бар экенин, бирок алар саясий көз караштан улам аны (курал — ред.) сатуудан баш тартып жатканын моюнга алыш керек", — деген дипломат.
Анын айтымында, украиналыктар "ишенимсиз өнөктөштөргө" таянбай жашоону үйрөнүшү абзел.
"Биз үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгынан көз карандылыктан арылышыбыз кажет", — деди ал.
Москва 24-февралдан тарта Украинада аскердик операция жүргүзүп келет. Өлкө президенти Владимир Путин анын негизги максаты Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугун кепилдей турчу шарттарды түзүү экенин айткан.
Ал арада АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары миллиарддап акча бөлүп, Киевге курал-жарак жөнөтүүнү улантып келет. Москва мындай кадам чырды создуктурарын, курал жүктөлгөн транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Электр кубаты Украинанын бардык аймактарында өчө баштады