Сосновкада жүк ташыган унаа жол боюндагы үйдү сүзүп, жарымын талкалап кетти. Видео

Турак жайда жашагандар жаракат алган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында жүк ташуучу унаа жол боюндагы тамды сүзүп ичине кирип кеткенин Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Кырсык 28-ноябрда эртең менен трассанын 77-чакырымындагы Сосновка айылында болгон. ЖКККБнын маалыматы боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай калган.
Ал эми турак жайда жашагандар жаракат алган эмес, жүк ташуучу унаанын 40 жаштагы айдоочусун ооруканага алып кетишкени айтылды.
Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди