Самат "Кыргыз" экс-чемпион Элвин Брито менен беттешет

Беттеш бокстун эрежеси боюнча өтөт. Таймашты Россиянын Hardcore лигасы уюштурат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов таймашуу боюнча дүйнөнүн эң ири лигасы Bare Knuckle FCнин мурдагы чемпиону Элвин Брито менен беттешет.
Москвадагы мелдешти Россиянын профессионалдык бокстун Hardcore лигасы уюштурат.
Самат Абдырахманов Hardcore FC экинчи сезонунда "жылаңач" муштум боюнча жеңүүчү болгон.
Bare Knuckle Fighting Championship — америкалык спорттук уюм. BKFC 1889-жылдан бери Кошмо Штаттарда муштум менен таймашууга уруксат алган биринчи промоутердик компания. Уюмдун мелдештерине Артем Лобов, Пол Малиньяджи, Рикко Родригес, Кендалл Гроув, Жо Риггс, Чейз Шерман сыяктуулар катышкан.
Бука моюн, буура сан... Бишкекке 10 өлкөдөн чогулган балбандардын сүрөттөрү