Путин Токаевге Өзбекстан менен бирге союз түзүүнү сунуштады. Максаты

Казак тарап үч өлкө биримдигин түзүүгө макул экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Кремлдеги жолугушууда Россия, Казакстан жана Өзбекстанда "үч тараптуу газ союзун" түзүүнү талкуулады. Бул туурасында Казакстандын мамлекет башчысынын маалымат катчысы Руслан Желдибай билдиргенин РИА Новости жазды.
Кечээ Токаев РФтин премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугуп, үч тараптуу биримдик түзүү жөнүндө маселени кароого даярдыгын айткан.
"Бүгүн Владимир Владимирович ушул сыяктуу союз түзүү керектигин жана ал тууралуу Өзбекстандын президентине телефон чалууга камынып жатканын билдирди. Бизге дагы бул теманы түшүнүү шарт, кандай болбосун бир макулдашууга келишибиз керек. Биз даярбыз деп эле айта алам. Эмнеге болбосун?" — деди Токаев.
Желдибайдын айтымында, "үч тараптуу газ союзун" түзүүнүн максаты — россиялык газды Казакстанга жана Өзбекстанга жеткирүү иштерин координациялоо. Казакстан менен Россиянын президенттери бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен үч өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда ийне-жибине чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгилешти.
Кыргызстан Түркмөнстандан 300 млн. куб газ сатып алуу боюнча сүйлөшүп жатат