Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Global Times: НАТОнун жону жукарып Киевге курал жөнөтүүнү азайтат

Гезит Йенс Столтенберг башында турган альянстын расмий өкүлдөрү жакында кысымга туш болорун боолголоп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. НАТОнун европалык мүчөлөрү экономикалык каатчылыктан улам Украинага курал-жарак жөнөтүүнү азайтат. Бул тууралуу Кытайдын Global Times мамлекеттик гезитиндеги макалада айтылат.
Анда Евробиримдик өлкөлөрү Украина кризисинен бир топ жапа чеккени, бул электр энергиясынын кымбатташы менен инфляциянын өсүшүнөн улам экени белгиленген. Мындан улам Киевди колдоо барган сайын азаюуда.
"Нытайжада Украинага НАТО тарабынан көрсөтүлгөн жардам кескин азая турганы айдан ачык. Таптакыр токтоп калбайт, символикалык түрдө бирин-серин келип турат", — деп айтылат макалада.
Гезит Йенс Столтенберг башында турган альянстын расмий өкүлдөрү жакында кысымга туш болорун боолголоду.
"Башкы катчы Украинаны камсыздоону улантууга чакырды. Бирок экономикалык абалын эске алсак, бул колдон келгис ишке айланат. Мындай жардам, албетте, туруктуу боло албайт", — деген Кытайдын социалдык илимдер академиясынын илимий кызматкери Люй Сян.
Ал арада АКШ менен Европанын ортосундагы ажырым барган сайын көбүрөөк байкала баштаганы белгиленди.
"Европа мамлекеттери АКШнын энергоресурстарды кымбат сатып жатканына нааразы. Ал эми Вашингтондун инфляцияны төмөндөтүү тууралуу кабыл алган мыйзамы алардын кызыкчылыгына каршы келип калды. Айрым саясатчылар АКШ Украинадагы жаңжал аркылуу Россия менен Европаны алсыздандырып, континенттин Вашингтондон көз карандылыгын күчөтүүнү көздөп жатканын түшүндү", — деген авторлор.
Москва 24-февралдан тарта Украинада аскердик операция жүргүзүп келет. Өлкө президенти Владимир Путин анын негизги максаты Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугун кепилдей турчу шарттарды түзүү экенин айткан.
Ал арада батыш мамлекеттери Москвага санкциялык кысымын баштап, бирок мунайдын кымбатташы менен инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө тушугуп, өздөрү жабыр тартты. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу жана ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, бирок антироссиялык рестрикциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын айтып келет. Ага карабастан Россиянын финансылык стабилдүүлүгүнө доо кетирүүгө мүмкүн болгон жок, ал эми Европанын ушу тапта жарга такалып турган кези.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина ТИМи айрым өлкөлөрдүн Киевге курал сатуудан баш тартышына нааразы