Москвада кыргызстандык 70 миң долларын тонотту. Окуянын чоо-жайы

Шектүү катары 29 жаштагы киши кармалган. Полиция анын шериктерин издеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМи Москвада ири суммадагы акчасын алдырган кыргызстандык жаран туурасында кенен маалымат берди.
ЖМКлар мурда ал кишиге 28-ноябрда банктан чыга бергенде кол салып, 100 миң долларын тоноп кеткендигин жазышкан.
Кол салуу Бишкек убактысы менен алганда саат 16:40та болгон.
КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү бул факты боюнча өзүнүн ыйгарымынын чегинде тиешелүү чараларды көргөн. Маалыматка караганда, 28-ноябрда 102 кызматына Москва шаарынын Литва бульварында октон жарадар болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 13:40 чамасында эки белгисиз адам тапанчага окшош буюм менен банктын филиалынын жанынан Кыргызстандын А.Т. аттуу жаранын коркутуп, сумкага салынган 70 000 долларын тоноп кеткенин аныкташкан. Кыргызстандын жараны А.Т. кол салгандардын артынан чуркаганда, белгисиз адам аны көздөй бир нече жолу ок чыгарган. Мындан соң алар автоунаага түшүп, белгисиз тарапка качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерден болжол менен травматикалык куралдын үч гильзасы алынган.
Бул факты боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин ("Каракчылык") негизинде иш козголгон. Жабырлануучу Жалал-Абад облусунда туулган 30 жаштагы Т.А. аттуу кыргызстандык болуп чыккан. ИИМ анын Россиянын аймагында убактылуу каттоосу жок экендигин билдирди.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 29 жаштагы киши кармалган.
Учурда анын баш коргоо чарасы тандалып, айыптоо маселеси чечилип жаткандыгын айтышты.
Бишкектен Москвага учуп баргандардын 4 млн. долларын тоноп кетишти