Кыргызстанда экономиканын өсүшү болжолдонууда. ЕАӨБ атаган цифралар

Эл аралык банктын аналитиктери жыл соңунда экономикалык өсүш 3,1 пайызды түзөрүн болжогон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы жылдары экономикалык өсүштүн темпи жогорулай турганы күтүлүүдө. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы өзүнүн макроэкономикалык божомолунда билдирди.
Эл аралык банктын аналитиктери үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен өлкө экономикасынын өсүшү 3,1 пайызга жетерин болжолдогон. Ал эми 2023-жылы өсүү темпи 3,5 пайызга жогорулайт. Экономиканы колдоого салыктык-бюджеттик саясат жана алтын казуунун көлөмү көбөйгөнү таасир этет.
Мындан сырткары, Россия жарандарына бир катар өлкөлөргө жол жабылганына байланыштуу келген туристтердин агымы көбөйөт.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту региондогу мамлекеттердин жаңы шарттарга адаптация болушуна жана интеграциялык процесстердин күчөшүнө жараша көбөйөт. Инвестиция күр этип келип калбайт. Өсүү ылдамдыгынын тенденциясы 2024-жылга чейин сакталат. Бул жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 4,2 пайыз болору күтүлүүдө. Анын негизги фактору алтын өндүрүшүнүн көлөмүнүн көбөйгөнүнө жараша болот. Мындан башка дагы тармактар экономиканы өнүктүрүүгө акырындык менен салымын кошо бермекчи", — деп айтылат маалыматта.
ЕАӨБ кийинки жылы өлкөдөгү инфляция үч эсе азая турганын божомолдоду