Аламүдүндүн Кара-Жыгач айыл аймагы толук таза суу менен камсыздалды

Долбоордун жалпы суммасы 60 миллион 354 миң сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында эки суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айыл аймагында эки суу мунарасынын ачылыш аземи болуп өттү.

2 / 2

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышкан.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, АРИС уюмунун директору Марс Наспеков, Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов жана башкалар катышкан.
Мындан тышкары, 28 чакырым негизги суу түтүктөрү жаңыртылганы белгиленди. Долбоор АРИС тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 60 миллион 354 миң сомду түзгөн. Анын ишке ашуусу менен Кара-Жыгач айыл аймагы толук таза суу менен камсыз болмокчу.
Нарында таза суу чыгаруу, оорукана оңдоо боюнча 12 долбоор каржыланды