Бийликти басып алууга шектелген Жетигенов Ошко мэр болуп дайындалды

Жаңы жетекчи буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды. Тишелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Калааны бир жылдан ашуун жетектеген Алмаз Мамбетов бүгүн кызматтан бошотулган. Анын жумуштан алынышынын себеби азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, Бакыт Жетигенов 2010-жылы "Ар-Намыс", 2015-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал эми былтыр 26-ноябрда бийликти басып алууга белсенген деген шек менен кармалып, тергөө абагында бир ай отуруп чыккан. Ал депутат болгондуктан кесиптештери кол тийбестик макамынан ажыратууга макулдук берген эмес.
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп Азизбек Мадмаров дайындалды. Эмгек жолу