30-ноябрга карата аба ырайы

30-ноябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шаршембиде айрым жерлерде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Талас жергесинде -4...+1, ал эми Нарында -2...+3 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +4...+6 жана Ош калаасында +10...+12 градус болот.
Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди