БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумага карата Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 28-ноябрда күндүн көзү бузулбайт.
29-30-ноябрда күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт.
1-4-декабрда айрым жерлерде кар жаайт.
Тоолуу райондордо жер тоңуп, жолдор тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.