Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Акациянын" айбаттуулугу. Запорожье аймагынан тартылган видео

Чалгындаган аскердик бөлүктөр каршылаштардын турган жайын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өзү жүрүүчү "Акация" артиллериялык техникасы Запорожье багытында украиналык аскерлердин байкоо салган жайын жок кылды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Аталган агенттик өзүнүн Telegram каналына ал учурдун видеосун жайгаштырды.
"Чалгындаган аскердик бөлүктөр каршылаштардын турган жайын аныктаган. Биз көрсөтмө алып, позицияга чыктык. Чалгын кызматы бутанын талкалангандыгын тастыктады", — деген артиллериялык бөлүктүн командири.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада атайын операциясын жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Андан сырткары, башкы максат Донбассты бошотуу жана коргоо экени айтылып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Болотту да эриткен "Солнцепёк" куралынын видеосу