Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды

Ал буга чейин Сейсмология институтун жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды. Маалыматты аталган мекеме тастыктады.
Ага ылайык, академиянын жетекчисин шайлоо бүгүн, 28-ноябрда, өткөн. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да келди. Абдрахматов аталган кызматка жалгыз талапкер болгон, ал 15-ноябрдан бери Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып жаткан.
2017-жылдан ушул мезгилге чейин мекемени Мурат Жуматаев жетектеп келген.
Абдырахматов 69 жашта, буга чейин Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунда директор кызматын аркалаган.
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп Азизбек Мадмаров дайындалды. Эмгек жолу