Россиянын футбол союзу Азия конфедерациясына өтүү маселесин талкуулайт

Өлкө азырынча Европа футбол ассоциациясынын мүчөсү бойдон калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиянын футбол союзунун (РФС) аткаруучу комитети жакынкы сессиясында бирикменин Азия футбол конфедерациясына (AFC) өтүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу РФС президенти Александр Дюков билдирди.
Жума күнү Россия премьер-лигасынын президенти Александр Алаев AFC спорттук жана финансылык көз караштан алып караганда Европа футбол ассоциациясына (UEFA) салыштырмалуу анча кызык эмес экенин айткан.
"Бир нече ай мурун Азияга өтүүнү талкуулап да кереги жок дедим эле. Бирок бүгүнкү күндө бул актуалдуу болуп турат. Аткаруучу комитетте карайбыз деп ойлоп турам. Азырынча Азиянын өкүлдөрү менен сүйлөшө элекпиз, анткени UEFA бар, алар бизди европалык үй-бүлөнүн мүчөсү деп ойлошот. Кызматташуубуз уланып келет, бардык программаларды ишке ашырып жатабыз. Алардын башын аттап сүйлөшө баштаганыбыз туура болбойт", — деди Дюков.
Буга чейин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) жана UEFA россиялык курама командалар менен клубдар бардык эл аралык беттештерден белгисиз мөөнөткө четтетилгени тууралуу биргелешкен билдирүү таратышкан. Буга байланыштуу РФ командасы Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын иргеп алуучу оюндарына катыша алган эмес. Июлдун орто ченинде Спорттук арбитраждык сот РФСтин FIFA менен UEFA уюмдарынын чечимине каршы доо арызын четке каккан. Ал эми сентябрда UEFA Россия командасын Европа 2024 чемпионатынын тандоо турунун чүчү кулагына катыштырбоо чечимин кабыл алды.
Марокко Бельгияны футболдон уткандан кийин Брюсселде башаламандык болду. Видео