Радио

Муканов: өрт чыгуу коркунучу кыш мезгилинде күч алат

ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери майор Асхат Муканов быйыл былтыркыга салыштырмалуу 30 учурга аз болгондугун айтты.
Sputnik
2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча 2 530 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Асхат Муканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өрт чыгуу коркунучу кыш мезгилинде күч алат.
"От жагуу мезгили башталгандан тарта өрт коопсуздугу күч алып, кооптуу маселеге айланат. Кыш мезгилиндеги өрттөрдүн келип чыгышынын башкы себеби — мешке от жагуу. 10 айдын жыйынтыгы боюнча 2 530 өрт катталган. Бул көрсөткүчтүн негизинде былтыркыга салыштырмалуу быйыл 30 учурга азайды деп айтсак болот. Кырсыкты алдын алуу үчүн мештин морун үч айда бир жолу тазалап туруш керек. Кечинде уктап жатканда мештин оозу толук жабылгандыгын текшерүү зарыл. Анткени иске ууланган учурлар да кездешти. Өрт кырсыктары электр зымдарын туура эмес орноткондон жана колдонгондон да келип чыгат", — деди Муканов.
Ал кыш мезгилинде өрт көпчүлүк учурда түндө чыгарын кошумчалады.