Радио

Дүйшөнкулова: өлкөдө кош бойлуулардын 50%ы аз кандуулуктан жабыркайт

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун адиси, санитардык дарыгер Марина Дүйшөнкулова Кыргызстанда аялдардын, балдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 50 пайызы аз кандуулуктан жабыркайт. Бул энелердин өлүмүн жана ымыркайлардын ара төрөлүүсүн шарттап жатат. Бул тууралуу Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өспүрүм кыздар, балдар, аялдар арасындагы анемия жана темирдин жетишсиздиги, аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы учурда коомдук саламаттыкты сактоодогу чоң көйгөй бойдон калууда.
"Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык уюмдардын жардамы менен балдар, өспүрүм кыздар, аялдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү абалды так аныктоого мүмкүнчүлүк ачылды. Изилдөө 2021-жылдын сентябрь айынан ноябрына чейин жүрүп, ага 3452 үй-бүлө катышып, өлкөнүн жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында тогуз топ иш алып барды. Өспүрүм кыздар, балдар, аялдар арасындагы анемия жана темирдин жетишсиздиги, аялдарда фолий кислотасынын тартыштыгы коомдук саламаттыкты сактоодогу чоң көйгөй бойдон калууда. Мисалы, темирдин жетишсиздиги балдардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары, Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 50 пайызы аз кандуулуктан жабыркайт. Бул энелердин өлүмүнө жана ымыркайлардын ара төрөлүүсүнө алып келет. Мындай көрүнүштөр үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрүнөн келип чыгууда", — деди Дүйшөнкулова.
Ошондой эле адис аялдардын, балдардын тамактануусу боюнча изилдөөнүн натыйжасына ылайык көйгөйдү жоюуга атайын программа кабыл алынып, тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин кошумчалады.