Италиялык ишкер: энергетикалык кризис Европа демократиясына коркунуч келтирүүдө

Ишкер учурдагы эң ири көйгөй энергетика жаатындагы кризис экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Азыркы энергетикалык кризис европалык демократияга коркунуч келтирип жатат. Бул тууралуу Италиянын эң ири ишканаларынын бири Pirelli компаниялар тобунун башчысы Марко Трончетти Провера айтканын РИА Новости жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берүү менен жазды.
"Эгер Европа өзүнүн экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготсо, анда өзүнүн бакубаттуулук моделин, башкача айтканда, демократиясын коркунучка кептейт", — деди ал.
Ишкер учурдагы эң ири көйгөй — энергетика жаатындагы кризис экенин айтты.
“Энергетикалык кризистин айынан европалык компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай калчу абалга бара жатышат. Көптөгөн келишимдерди жоготуп жатабыз. Эгер энергетикага тез арада чара көрүлбөсө, биз Европада акыркы ондогон жылдар бою түзүлгөн нерселерден кол жууйбуз”, — деди Марко Трончетти Провера.
Сөзүнүн соңунда ал союздаштарды колдоону айтып, бирок ошол эле учурда прагматикалык жол менен иш кылуу керектигин кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун башкы катчысы европалыктардын Украинаны колдоосу түйшүк жаратарын моюндады