Бука моюн, буура сан... Бишкекке 10 өлкөдөн чогулган балбандардын сүрөттөрү

Ордо калаада 25-27-ноябрь күндөрү пауэрлифтинг боюнча эл аралык турнир өттү.
Sputnik
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Россия, Грузия, Индия жана Түркиядан спортчулар келишти.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 500дөн ашуун балбан катышкан. Чеберчилигин эркектер менен аялдар эле эмес, өспүрүмдөр да көрсөттү.
Төмөндөгү сүрөт түрмөк турнирден чогултулду. Жеңүүчүлөр тууралуу азырынча маалымат ачыктала элек.
Пауэрлифтинг — ийинге коюлган штанга менен отуруп туруу, жатып алып түртүү жана жулкуп түртүү түрлөрүн камтыган спорттун түрү. Үчөөнүн суммасы менен жыйынтык чыгат.
1 / 11

Ири турнир үч күнгө созулуп, 25-27-ноябрь күндөрү өттү

2 / 11

Ага 10 өлкөнүн спортчулары катышты

3 / 11

Мелдеште ар кыл курактагы аялдар менен эркектер өнөрүн көрсөттү

4 / 11

Турнир шаардагы мектептердин биринин спорт залында өттү

5 / 11

Уюштуруучулар 500дөй спортчу ат салышканын айтышты

6 / 11

Кыргызстандын атынан мелдешке борбор калаанын жана аймактардан келген балбандар чыкты

7 / 11

Турнирдин калысы

8 / 11

Чеберчилигин эркектер менен аялдар эле эмес, өспүрүмдөр да көрсөттү

9 / 11

Пауэрлифтинг — ийинге коюлган штанга менен отуруп туруу, жатып алып түртүү жана жулкуп түртүү түрлөрүн камтыган спорттун түрү

10 / 11

Спортчуларга ушундай белектер тапшырылды. Жеңүүчүлөр азырынча ачыктала элек.

11 / 11

Уюштуруучулар турнир достук маанайда өткөнүн белгилешти