29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаагандыктан жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында -4...+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10 градус, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, Нарын жергесинде 0...+5 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, күндүн табы +1...+3 градуска жетсе, Ош шаарында +8...+10 градус жылуу болот.
"Ала-Тоодо" башкы балатыны орнотуу иштери башталды. Сүрөт