Эркектер да климакс болот. Уролог Акылбек Усупбаевдин видеосу

Уролог бул процесске эрте кабылбаш үчүн кайсы анализдерди тапшырып туруу керек экенин да айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эркектер да климакс болорун жана ал канча жашта башталарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уролог Акылбек Усупбаев айтып берди.
"Эркектердин климаксы азыр 50-55 жаштан кийин башталып калды. Жаш өткөн сайын жыныс гормондору азаят. Гормон бөлүп чыгуучу клеткалар дагы картая баштайт. Анан климакстын эрте болушуна аденома бези менен инфекциялар да себеп. Ошон үчүн эркектер адистерге маалы менен кайрылып дарыланып турушу керек", — деди Усупбаев.
Уролог биринчи кезекте инфекцияларды текшертүү керектигин, анын ичинде эң керектүү делген урегениталдык инфекция жана ПСА деген эки анализди тапшырып туруу зарыл экенин айтты. Ошондой эле жыныс гормондорун текшертүү маанилүү экенин айтты.
Импотенцияга кабылган эркектерге протез коёбуз. Урологдун видеомаеги