Ким Чен Ын: Түндүк Кореянын максаты — дүйнөдөгү эң күчтүү өзөктүк күчкө ээ болуу

18-ноябрда Түндүк Корея “Хвасон-17” континенттер аралык баллистикалык ракетасын Япон деңизине карай учурган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дүйнөдөгү эң кубаттуу стратегиялык өзөктүк күчтү түзүүнү жана “ муну өз элинин эгемендүүлүгүн коргоо үчүн колдонууну көздөп жатканын” айтты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына таянып РИА Новости жазды.

“Мамлекеттин жана элдин ар-намысын, суверенитетин түбөлүккө коргоого багытталган өзөктүк куралдуу күчтөрдү куруу боюнча биздин талыкпаган ишибиз улана берет. Анын түпкү максаты – эң кубаттуу стратегиялык күчкө ээ болуу. Бул нерсе азыркы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй абсолюттук күч”, — деди ал.

Ошондой эле Ким Чен Ын дүйнөдөгү эң күчтүү стратегиялык курал деп атаган "Хвасон-17ни” ийгиликтүү иштеп чыккан топко ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул адамдар өлкөнүн өзөктүк куралын өнүктүрүүдө “укмуштуу секирикке” жетишти.
18-ноябрда Түндүк Корея “Хвасон-17” континенттер аралык баллистикалык ракетасын Япон деңизине карай учурган. Түндүк Кореянын маалыматында снаряд максималдуу 6040,9 чакырым бийиктикте 999,2 чакырым учуп, Япон деңизиндеги болжолдонгон акваторияга түшкөн. Япониянын Коргоо министрлигинин анализи боюнча, кадимки траектория менен учурулганда снаряд 15 миң километрге учуп, АКШга жете алмак.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өзөктүк чагым жасоого Киев Батыштан уруксат алгандай... Кырдаалга сереп