БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Прагада Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы митинг өтүп жатканын Чех радиосу маалымдады.
Билдирмеге караганда, митингге 600гө жакын адам катышууда.
"Акцияны "Улуттук жаңылануу кеңеши" деп аталган уюм уюштурган. Анын катышуучулары электр энергиясынын баасын арзандатууну, аны экспорттоону токтотууну, жер алдындагы газ сактагычтарды улутташтырууну жана республикада өндүрүлгөн азык-түлүк товарларын сатууга артыкчылыктарды берүүнү талап кылышты. Митингде сөз сүйлөгөндөр Евробиримдик, НАТО жана Украинага жардам берүүнү сынга алышты", — деп жазылат маалыматта.
Митингдин катышуучулары алардын долбоору эч кандай саясий багытта эместигин, бирок "өлкөнү энергетикалык, экологиялык жана экономикалык каатчылыктан чыгарып кете албаган" өкмөттүн иш-аракеттерине альтернатива боло тургандыгын белгилешкен.