Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: НАТОнун 20 өлкөсү Украинаны колдоо үчүн өздөрүнүн курал-жарак запасын түгөттү

НАТО өлкөлөрү Киевге 40 миллиард долларлык курал-жарак беришти. Бул Франция жылына коргонууга сарптаганга барабар сумма.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Түндүк Атлантика альянсынын өкүлү уюмга мүчө 30 өлкөнүн 20сы Украинаны курал менен камсыз кылууда өз запастарын түгөткөнүн айтты. Бул тууралуу The New York Times жазды.
"НАТОнун 30 мүчөсүнүн 20сы олуттуу түрдө чарчады. Калган 10 өлкөнүн дагы да мүмкүнчүлүктөрү бар, өзгөчө Франция, Германия, Италия жана Нидерланддар көп нерсе сунуштай алышат", — деди ал.
Маалыматка караганда, жалпысынан НАТО өлкөлөрү Киевге 40 миллиард долларлык курал-жарак берген. Бул Франциянын бир жылдык коргонуу бюджетине барабар. Француздар Украинага өздөрү өндүргөн курал-жаракты сатып алуу үчүн 208 миллион долларлык фонд түзүштү.
Евробиримдик уюмга мүчө-өлкөлөргө Украинага көрсөткөн жардамы үчүн 3,2 миллиард доллар төлөп берүүгө макулдук берген, бирок бул фонддун каражатынын дээрлик 90 пайызы түгөнүп калды.
Прагалыктар митингге чыгып, Украинага курал берүүнү токтотууну талап кылышты