Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОнун башкы катчысы европалыктардын Украинаны колдоосу түйшүк жаратарын моюндады

Йенс Столтенберг Европада азык-түлүктүн, электр энергиясынын кымбатташы жашоочулары үчүн кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Киевге аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүсү коомчулугу үчүн соңунда оорго түшөт, бирок булнерсе зарыл. Мындай пикирин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Welt am Sonntag басылмасына берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.
"Азык-түлүктүн жана электр энергиясынын баасы Европадагы көпчүлүк үйкожойкелери үчүн кыйынчылык жаратууда",— деген ал.
Столтенберг Европа өлкөлөрү мындай бааларга карабастан Киевге аскердик курал-жарактарды жеткирүүсү керек, анткени тынчтыкты сактоонун эң жакшы жолу — Украинага колдоо көрсөтүү деп эсептей турганын белгилеген. НАТОнун башкы катчысы Украинага абадан коргонуу куралдарын жана гуабицаларды жеткирип жаткан Германияга басым жасаган.
"Германиядан жөнөтүлгөн курал-жарак адам өмүрүн сактап жатат", — деген башкы катчы.
Россия буга чейин НАТО өлкөлөрүнө Украинага курал берип жатканына каршы нота жөнөткөн. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун белгилеген. Россиянын тышкы иштер түзүмү НАТО Украинага курал берип "от менен ойноп жатат” деп билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыш тараптын Укрианы куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТОнун 20 өлкөсү Украинаны колдоо үчүн өздөрүнүн курал-жарак запасын түгөттү