Шанхайда коронавирустук чектөөлөргө каршы болгондор нааразылыкка чыкты. Видео

Төрт күндөн бери Кытайда коронавирус жуктургандардын жаңы рекорддук саны катталып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27 ноя — Sputnik. Жекшемби күнү Шанхайдын жашоочулары коронавирус боюнча чектөөлөргө каршы болуп, нааразычылык акциясына чыкканын РИА Новости атын атагысы келбеген кишиге таянып кабарлады.
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кытайдын ар кыл шаарларында тартылгандай элес калтырган видеолор тарап, андан элдин коронавирус боюнча чектөөлөргө каршы ураандарды кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Ал жерде эл да, поилция кызматкрелери да топтолгон.
Анткен менен мындай роликтер кытайлык соцтармактардан тез эле өчүрүлүп жатат.
Эске салсак, төрт күндөн бери Кытайда коронавирус жуктургандардын жаңы рекорддук саны катталып жатат. Бүгүн вирус 39 миң 791 адамдан чыкканы маалымдалды.
Акыркы жолу Кытайда антирекорд ушул жылдын апрель айында катталган. Анда Шанхайда бир суткада 29,4 миңден ашуун адам вирус жуктурган.
Пандемиядан бери Кытайда жалпы жонунан COVID-19 инфекциясынын 304 093 учуру катталып, 5 232 адам көз жумган.
Кытайда СOVID-19 жуктургандардын саны үч күндөн бери рекорд коюуда