Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа сүзүшүп төрт жүргүнчү жабыркады. Видео

Жабыркаган адамдар ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкектин Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Маалыматты окуянын күбөлөрү тастыктап, кырсыктын видеосу интернетке тарады.
Видеодон кичи автобустун кулап калганы көрүнөт. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге эки бригада жөнөтүлгөнүн билдирди.
ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы маршрутка менен Honda Odyssey автоунаасы саат 14:00 чамасында сүзүшкөнүн тастыктады.
1 / 3

Видеодон кичи автобус кулап калганы көрүнөт. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге эки бригада жөнөтүлгөнүн билдирди.

2 / 3

ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы маршрутка менен Honda Odyssey автоунаасы саат 14:00 чамасында сүзүшкөнүн тастыктады

3 / 3

Чакан автобуста онго жакын жүргүнчү, ал эми жеңил автоунаада эки адам бара жаткан

"Кырсыктан кичи автобустагы төрт жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерде Кайгуул милиция иштеп жатат", — деп айтылат блидирүүдө.

Чакан автобуста онго жакын жүргүнчү, ал эми жеңил автоунаада эки адам бара жаткан.
Тойго бараткан. Баткенде жол кырсыгынан 8 киши көз жумду