Окумуштуулар электрондук чылым тишти чиритерин айтышты

Мындай түрдөгү чылым чеккендердин 79 пайызында кариестин күч алуу коркунучу бар экендиги аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Электрондук чылым адамдын тишинин чиришине алып келет. Бул тууралуу Jada басылмасы окумуштууларга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, илимпоздорр акыркы үч жылдагы 13 миң бейтаптын стамотологго кайрылгандыгынын себебин изилдеп чыгышкан.
"Тиш дарыгерине кайрылып, электрондук чылым чегерин айткандардын 79 пайызында кариестин өтүшүп кетүү коркунучу чоң экендиги белгилүү болгон. Бул – электрондук тамекинин тишке кандай таасир берери боюнча биринчи изилдөө. Бирок буга чейин эле анын ооз көңдөйгө зыянын тийгизери айтылып келген", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанда электрондук чылым чеккен өспүрүмдөрдүн саны өстү