Рекорд! АКШда 30 жыл илгери тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү

Тимотей жана Лидия аттуу эгиздер мурда төрт балалуу ата-эненин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келишти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. АКШда 1992-жылы тоңдурулган эмбриондордон эгиз балдар төрөлдү. Бул тууралуу CNN жазды.
Ымыркайлар эң узак мөөнөткө сакталган эмбриондордон аман-эсен туулгандар боюнча рекордду жаңылашты. Буга чейинки рекордчу Молли 2020-жылы 27 жыл сакталган уруктан төрөлгөн.
Тимотей жана Лидия аттуу эгиздер мурда төрт балалуу ата-эненин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келишти. Жубайлар Филипп менен Рэйчел донорлук боюнча кайрымдуулук борборуна жардам сурап кайрылышкан. Адистер аларды “өзгөчө көңүл бурулгандар” категориясына кошуп, сөз болуп жаткан эмбриондорду сунушташкан.
Кайсы учурларда бойго бүтөт же бүтпөйт. Дарыгер тизмектеп берди