Мигрант делегат өспүрүм уул-кыздарды Россияга жалгыз жөнөтпөөнү суранды

Жаштар ар кандай иштерге азгырылып, оор тагдырга туш болуп жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Курултайга мигранттардын атынан Москвадан келген Чынара Өмүрзакова жаш уул-кыздарды Россияга иштегени жалгыз жөнөтпөөнү суранды.
Ал эмгектенген Москвадагы кыз-келиндер коому беш жылдан бери жаштардын көйгөйү менен иш алып барып жатканын белгилеген.
"Россияга көбүнчө эле 16-17 жаштагы өспүрүм уул-кыздар барып жатат. Мыйзам чыгарасыздарбы же кандай кыласыздар, ата-энесиз, бир тууганы жок жөнөтпөөнү суранабыз. Жөнөткөндө дагы алып кеткен адам жооп бере турган болсун. Жаш кыздар барып алып алданып, ар кандай окуяларга кабылып оор абалда калып жатат. Баңгизат менен түшкөн жаш уул-кыздардын тагдырын көрүп ыйлагың келет", — деди Өмүрзакова.
Мындан улам делегат мектептерде, жогорку окуу жайларда чет өлкөгө барганда өзүн кандай алып жүрүшү керек, эмнени билиш керек, кайсы жактарга кайрылыш керек деген эрежелерди үйрөтүүнү сунуштады.
Курултайда жаштар оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүүнү суранды